Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Брюсселде полиция атайын рейд жүргүзүүдө


Бельгия маалымат каражаттары 22-марттагы 31 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдардан соң полиция бүгүн баш калаада жаңы рейд баштаганын кабарлады. Соңку маалыматтарда Брюсселдин чет жакасындагы Шаарбек районундагы бир үйдү тинтүүдө кеминде бир жарылуунун үнү угулуп, террорго каршы операция учурунда бир адам зыянсыздандырылганы айтылууда. Бирок бул маалыматты бийликтер расмий ырастай элек.

Belga агенттиги француз укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен Шаарбектеги атайын операция Парижде бейшембиде чабуул жасоо аракети жокко чыгарылышы менен байланыштуу экенин кабарлады. Мунун алдында Париждин Аржантей районунда теракт жасоого шектелген бир жаран кармалып, андан курал-жарак менен колдо жасалган жардыргыч заттар табылганы айтылган.

22-мартта Брюсселдин Завентем аба майданы менен Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан имараттарга жакын "Малбек" метро бекетинде удаа-удаа жардыруулар болгон. Бельгия бийликтери бул жардырууну теракт деп атап, премьер-министр Шарль Мишель аны өлкө тарыхындагы эң кандуу калаба катары баалаган. Кандуу калабадан көп өтпөй "Ислам мамлекети" террордук тобу анын жоопкерчилигин аларын жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG