Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

УКМК бийликти басып алууну пландаган деген шек менен дагы бир жаранды кармады


Улуттук коопсуздук кызматы Кыргызстанда мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен дагы бир жаранды кармады.

Мекеменин маалымат кызматы азыр тараткан билдирүүдө "2016-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси жана 295-беренесине (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап турууга даярдык) ылайык кылмыш белгилери боюнча козголгон 82-16-0054 иштин алкагында УКМКга К.Э. аттуу жаран жеткирилди. Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө" деп айтылат.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын сүйлөшүүлөрү деген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасма тараган. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылган материалдар менен дал келерин айткан.

Кечээ оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров учурда УКМКда кармалууда.

Сүйлөшүүгө катышкандардын айрымдары бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп айтышууда.

Интернетте тараган эки тасманын биринин баш сөзүндө сүйлөшүүгө катышкан дегендердин фамилиялары жазылган. Алардын арасында Эрнис Карыбеков деген жазуу бар.

Энергетика маселелери боюнча адис Эрнис Карыбеков көптөн бери бийликти, бул тармактагы саясатты сындап келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG