Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Жон Керри Бельгия бийликтеринин аракетин колдоду


Бельгия -- Премьер-министр Шарл Мишел АКШ мамкатчысы Жон Керрини тосуп алууда. Брюссель, 25-март, 2016.
Бельгия -- Премьер-министр Шарл Мишел АКШ мамкатчысы Жон Керрини тосуп алууда. Брюссель, 25-март, 2016.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри 30дан ашуун адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарга байланыштуу Бельгияга тилектештик билдирди. Бүгүн Брюсселде иш сапары менен болгон Керри премьер-министр Шарл Мишел менен жолугушууда Белгия бийликтеринин террорчуларга каршы чечкиндүү жана жигердүү аракетин колдорун айтты. Муну менен ал 22-марттагы террордук чабуулдардын алдын албаганы үчүн Бельгиянын атайын кызматтарын айыптаган сынчыларга кыйыр түрдө жооп бергендей болду.

Жон Керри бул чабуул үчүн жоопкерчилик алган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу "жок кылынарын" да белгиледи.

22-мартта Брюсселдин Завентем аба майданы менен Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан имараттарга жакын "Малбек" метро бекетинде удаа-удаа жардыруулар 31 адамдын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG