Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Иванов Савченкону алмаштыруунун "теоретикалык мүмкүндүгүн" айтты


Президент Владимир Путин менен анын администрация башчысы Сергей Иванов.
Президент Владимир Путин менен анын администрация башчысы Сергей Иванов.

Орус президентинин администрация башчысы Сергей Иванов украин аскер кызматкери Надежда Савченкону орус мыйзамдарын толук сактоо менен алмаштыруунун "теоретикалык мүмкүндүгүн" айтты. Бирок ал бул боюнча бир гана президент Путин чечим кабыл ала аларын кошумчалаганын "Интерфакс" билдирди.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22-мартта украин учкучу Надежда Савченкону 2014-жылы Луганск облусунун аймагында эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп таап, 22 жылга эркинен ажыраткан. Жана чек араны мыйзамсыз өткөн деген кине менен 30 миң рубль айыпка жыккан. Савченко бул айыптарды мойнуна албасын жана орус сотун тааныбасын айткан.

Украин президенти Петро Порошенко бул ишти "маскара сот" деп атаган. Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери Савченкону саясий туткун деп белгилешкен.

XS
SM
MD
LG