Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады


Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы чек арачылары баштаган топтордун сүйлөшүүсү бүгүн Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде өттү. Өзбек тараптын демилгеси менен өткөн бул жолугушууда чек арадагы абалды жөнгө салуу маселеси талкууланды. 25-марттагы бул сүйлөшүү бир күн кечке созулуп, кечки ондорго жуук аяктады.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" бирок анын жыйынтыгы азырынча белгисиздигин, бул боюнча маалымат ишемби күнү эртең менен таратыларын гана билдирди.

18-мартта Аксыдагы Чаласарт деген жерге өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын койгон. Азыр ал жерде эки тараптан тең сегизден аскер турганы айтылууда.

Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтса, жергиликтүү калк ал жер мурдатан Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери да бар экенин билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG