Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Кыргызстанда бир миллиондон ашык көчөт отургузулду


Президент Атамбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү көчөт отургузууда. 12-март, 2016-жыл

Президент Атамбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү көчөт отургузууда. 12-март, 2016-жыл

Көчөттөр тарых жана маданият жылын өткөрүү жана ага даярдык көрүү боюнча түзүлгөн Мамлекеттик дирекциянын демилгеси менен “Бир кишиден бир көчөт” акциясынын алкагында отургузулду. Анын башкы максаты – жарандарды жаратылышка жоопкерчилик менен аяр мамиле кылууга чакыруу.

Бишкек шаары 320 миңден ашык бак-дарак көчөтүн отургузуп, лидер деп табылды. Андан кийинки орунду 250 миң көчөт менен Баткен облусу алды. Ысык-Көл жана Талас облустарына 3000 түптөн гана отургузулду. Дирекция 2016-жылдын аягына чейин 6 миллиондон ашык көчөт отургузууну пландап жатканын айтып, бул ишке жарандарды активдүү катышууга чакырууда.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG