Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Өкмөт: Өзбекстан эч кандай талап койгон жок, биз да эч кандай убада берген жокпуз


Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, Өзбекстан Ноорузга карата гана жолду тосконун билдирген. Ал чек ара маселеси конструктивдүү чечилип, ушул тапта талаш аймакка кирип алган өзбек аскерлери чыгып кетишкенин, Өзбекстан эч кандай талап койбогонун, Кыргызстан дагы аларга эч нерсе убада кылбаганын билдирди.

Кечээ өзбек тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек ара башчыларынын ортосунда Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде сүйлөшүү болгон.

Сүйлөшүү бир күн кечке созулуп, кечки саат онго жуук аяктады.

18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын койгон. Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтса, жергиликтүү калк ал жер мурдатан Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери да бар экенин билдиришкен . (AzK/ErN)

XS
SM
MD
LG