Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Нарында өспүрүмдөр катышкан кылмыштардын саны өсүүдө


2015-жылы Нарын облусунун аймагында жашы жетелек өспүрүмдөр тарабынан жана алардын катышуусу менен 49 кылмыш иши катталган.

Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу жети кылмышка же 16.6% өскөн. Мунун ичинен адам өлтүрүү бир, каракчылык 40, тоноочулукка үч жана башка кышмыштарга байланыштуу беш учур болгон.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык тармактар боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова билдирди.

Анын айтымында, кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрициялардын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиялар 117 материал даярдаган. Анын ичинен 103ү каралып 23 ата-энеге айып салынып, үч өспүрүм балдар үйүнө жиберилсе, эки материал ата-эне укугунан ажыратуу боюнча соттук кароого жиберилген. Ал эми ушул жылдын алгачкы эки айында өспүрүмдөр тарабынан алты кылмыш иши катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч учурга көбөйгөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG