Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Cалах Абдеслам Бакрауилерди тааныбай турганын билдирди


Парижде өткөн жылкы теракттарга катыштыгы бар деп шектелип, өткөн аптада Бельгиянын полициясы тарабынан колго түшүрүлгөн Салах Абдеслам көрсөтмө берип жатып бир тууган Бакрауилерди тааныбасын айтты.

Бул туурасында француз гезити Le Mondе жазды. Маалыматка караганда кылмышка шектүүгө Брюсселде аэропортту жардырган эки жанкечтинин, бир туугандар Халид жана Брахим Бакрауинин сүрөтүн көргөзүшкөн.

Брюсселдеги үч жарылуу 30дан ашык адамдын өмүрүн алып, 250дөн ашыгын жарадар кылды.

Бельгияда төрөлүп, бирок француз жарандыгын алган 26 жаштагы Салах Абдеслам 2015-жылдын ноябрь айында Парижде кол салууга катышкандардын ичинен тирүү калган эки жарандын бири. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG