Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Ош шаарында шайлоочулардын 12 пайызы добуш берди


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, эртең менен шайлоо комиссиялары бир сааттын ичинде 100-150дөн кишини тейлеген учурлары болду. Сарпашев шайлоочулар үчүн дагы 12 саат убакыт бар экенин белгилеп, жарандарды шашылбоого чакырды. Ал айрым шайлоо тилкелеринде операторлордун кемчилигинен улам система иштебей калган учурлар болгонун, бирок алардын баары калыбына келтирилгенин айтты.

Мындан тышкары Жапалак айылында бүгүн үч электрондук куту өчүп калган учур болгонун белгилеп, алар ошол замат калыбына келтирилгенин айтты. Сарпашев бир эле убакта үч кутунун иштебей калышын кызык жагдай деп атап, мунун артында балким жаңы системаны жактырбагандар турушу мүмкүндүгүн, мындан улам ал аймакта күч түзүмдөрүнүн көзөмөлү күчөтүлгөнүн билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG