Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

2016-жылдын экинчи жарымында биометрикалык паспорттор бериле баштайт


Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, быйыл жаңы 3 миллион паспорт берүү пландалып жатат. Ага айдоочулук күбөлүктөгү маалыматтар да кирет. Ошондой эле ПИН номурун берүү көйгөйү жоюлат. "Мындан тышкары жаңы паспорт шайлоодогу ар кандай талаш жагдайларга чекит коёт", - деди Сарпашев.

Бул иш президенттик шайлоого чейин бүтүшү керек. Президенттик шайлоо 2017-жылы өтөт. (AzK/YI)

XS
SM
MD
LG