Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

АКШнын үч штатында Демократиялык партиянын жыйыны өтүп жатат


АКШнын батыштагы штаттары Вашингтон, Аляска жана Гавайидеги партиялык жыйындагы добуш берүүдө талапкер Хиллари Клинтондун башкы каршылашы сенатор Берни Сандерстин позициясы жакшырат деп күтүлүүдө. Ушул тапта Сандерс Аляска штатында жеңишке жеткени кабарланууда.

Республика партиясы ишемби күнү шайлоо алдындагы иш-чараларды уюштурбайт. АКШ президенттигине талапкерлик үчүн республикачылардын ичинде болгон күрөштө миллиардер Дональд Трамп лидер бойдон калууда. Анын башкы каршылашы - сенатор Тед Круз. Азыр саясатчылар партиялык шайлоочулардын эң көп добуштарын чогултуу үчүн аракет кылууда. Алар АКШнын президенттигине талапкерди июль айында жалпы улуттук съездде шайлашат. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG