Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Термечиков: Жумгалда техникалык мүчүлүштүктөр болду


Жумгал районунун №4120 шайлоо участогунда шайлоочулардын өздүгүн аныктоочу жабдык жакшы иштебей, шайлоочулар добуш берүү үчүн жарым сааттай күтүп калышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жумгал районунун аймактык шайлоо комиссиясынын төрөгасы Нурбек Термечиков билдирди.

Анын айтымында, техникалык жумушчулар оңдошкондон кийин добуш берүү уланып жатат.

Жумгал районунда жалпы 13 айыл өкмөт бар. Бүгүн анын беш айыл өкмөтүндө шайлоо өтүп жатат. Анда 11 695 шайлоочу бар. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG