Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Берни Сандерс үч штатта Хиллари Клинтонду утту


АКШ сенатору Берни Сандерс
АКШ сенатору Берни Сандерс

АКШ сенатору Берни Сандерс АКШ президенттигине Демократтардан талапкер болуу үчүн жарышта Вашингтон, Аляска, Гавайи штаттарында мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонду жеңди.

Франс-пресс агенттигинин маалыматында Гавайиде 74 жаштагы сенатор добуштардын 71 пайызын, Аляскада 79 пайызын, Вашингтондо 72 пайызын алган. Анын каршылашы Хиллари Клинтон болсо үч штаттан 29 пайыз, 20,8 жана 27,7 пайыз добушка ээ болду. Бирок Сандерстин бул жеңишине карабай, Демократтардан АКШ президенттигине талапкер болуу укугу үчүн жарышта Клинтон алдыда барат.

АКШ президенттигине талапкерлик үчүн Республикачылардын ичинде болгон күрөштө миллиардер Дональд Трамп лидер бойдон калууда. Анын башкы каршылашы - сенатор Тед Круз. Азыр саясатчылар партиялык шайлоочулардын эң көп добуштарын чогултуу үчүн аракет кылууда. АКШ президенттигине талапкер июль айында партиялардын жалпы улуттук курултайында шайланат. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG