Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Муратов: Ошто саат 16:00гө карата шайлоочулардын 46% добуш берди


Ошто саат 16:00гө карата жалпы шайлоочулардын 46%, башкача айтканда, 117 миң 752 адамдын 54 миң 341и добуш берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов билдирди.

Ал айрым техникалык мүчүлүштүктөрдү эске албаганда шайлоо ырааттуу өтүп жатканын айтты. Мисалы, Муратовдун белгилешинче, тизме, ID карта, биометрикалык каттоого байланыштуу маселе жаралды. Ал эми айрым бекеттерде кээ бир операторлордун тажрыйбасы жоктугу, аппараттардын иштебей калышы катталды.

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогудай эле бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду.

Шайлоо участоктору саат 20:00дө жабылат. (RK)

XS
SM
MD
LG