Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Сыдыков: Ошто шайлоо тынч өттү


Ошто бүгүнкү шайлоо жараяны жалпысынан тынч өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, кандайдыр бир чагымчылдыкка жол берген же коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан окуялар катталган жок.

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогудай эле бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду.

Шайлоо участоктору саат 20:00дө жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG