Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:49

Сарпашев: Президенттик шайлоого биометрикалык система толук кандуу даяр болот


"Келерки жылы Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоого карата биометрикалык каттоонун негизинде добуш берүүнү уюштуруу системасы толук кандуу иштеп калат деп ишенебиз" деди бүгүн Ошто өткөн пресс-конференцияда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев.

Ал бүгүнкү жергиликтүү кеңештерге шайлоо былтыркы парламенттик жараянга караганда бир топ жогору деңгээлде өткөнүн, күзгү шайлоого даярдык мындан да жакшы болорун жана президенттик шайлоого карата толук кандуу иш камсыз кылынарын айтты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG