Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Пакистандагы жардыруудан элүүдөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды


Жардыруу жасалган жердеги куткаруу иштери. Лахор, 27-март, 2016-жыл.

Жардыруу жасалган жердеги куткаруу иштери. Лахор, 27-март, 2016-жыл.

Өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында, Гульшан-и-Икбал деп аталган коомдук паркта болгон жарылуудан кеминде элүүдөн ашуун кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары 200дөн ашуун адам жаракат алганы кабарланууда.

Паркта адамдар котолоп жүргөн кезде жасалган жардыруудан өлгөндөр арасында аялдар менен балдар көп.

Жергиликтүү полиция билдиргендей, жардыруунун табияты азырынча толук анык эмес, бирок жанкечти жасагандай көрүнүп жатат.

Сегиз миллиондой адам жашаган Лахор - Пакистандын Пенжаб провинциясынын борбору. Бул провинция азыркы премьер-министр Навази Шарифтин саясий таянычы катары саналат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG