Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Пакистандагы жардыруунун курмандыктарынын саны алтымыштан ашты


Жардыруу жасалган жер. 27-март, 2016-жыл.
Жардыруу жасалган жер. 27-март, 2016-жыл.

Жардыруу жекшемби күнү каш карайганда өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында, Гульшан-и-Икбал деп аталган коомдук парктын автоунаа токтоочу жайында болду.

Ал жерге лахорлук христиандар үй-бүлөлөрү менен Пасха майрамын белгилөө үчүн чогулган эле.

Жардыруудан, соңку маалыматтарга караганда, кеминде 65 кишинин өмүрү кыйылды, дагы 280ден ашуун адам жаракат алды.

Өмүрү кыйылгандар менен жаракат алгандар арасында аялдар менен балдар көп.

Жергиликтүү полиция билдиргендей, жардыруунун табияты азырынча толук анык эмес, бирок жанкечти жасагандай көрүнүп жатат.

Ак үй жардырууну “коркоктордун” аракети катары айыптап, АКШ Пакистандын бийликтери менен терроризмди жеңүү үчүн иштеше турганын убада кылды.

Сегиз миллиондой адам жашаган Лахор - Пакистандын Пенжаб провинциясынын борбору. Бул провинция азыркы премьер-министр Навази Шарифтин саясий таянычы катары саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG