Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Дүйшөнбиев: Чек арада абал туруктуу


Аксынын Гүлбак айылынын тургундарынын Чаласартта үлүшкө алынган жерлери бар.
Аксынын Гүлбак айылынын тургундарынын Чаласартта үлүшкө алынган жерлери бар.

Кыргыз-өзбек чек арасында абал тынч, туруктуу. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев билдирди. Ал буга чейин кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп келген жерлерде чек арачылар кызматын штаттык режимде өтөп жатканын айтты.

- Абал туруктуу, эч кандай өзгөрүү жок. Чек араны штаттык режимде кайтарып жатабыз. Күчөтүлгөн бөлүмдөрдүн баары алынган.

18-мартта кыргыз-өзбек чек арасындагы Чаласарт деген тилкеге өзбек аскерлери кирип алган. Расмий Бишкек ал жерди тактала элек деп атап келет. Ал эми жергиликтүү тургундар 20 жылдан ашуун ошол тилкеде үлүш жерин иштетип келатканын, башынан эле ал жер Кыргызстандыкы болгонун айтышат.

26-мартта өзбек чек арачылары жана техникасы Чаласарттан чыгарылды. Тараптар бири-бирине эч кандай шарт койбогону маалымдалды. (RK)

XS
SM
MD
LG