Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Жайылда милиционерлер кыйноого шектелүүдө


Жайыл районунда милиция кызматкерлерине карата кыйноо фактысы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

21 жаштагы жергиликтүү тургундан аны милиционерлер жасабаган кылмышты моюнуна алдыруу максатында ур-токмокко алып кыйнаганы, бирок райондук прокуратура буга көңүл бурбай койгону тууралуу арыз түшкөн.

Акыйкатчы Башкы прокуратурага кайрылганда гана райондук прокурорлордун кылмыш иш козгоодон баш тарткан токтому жокко чыгарылып, кылмышка шектүү милиция кызматкерлерине карата иш ачылган. Ал эми арызданган адам жабыркаган тарап деп аныкталган.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов буга чейин “Азаттыкка” кабарлагандай, 2014-жылы аталган борборго 70тен ашык арыз түшкөн. 2015-жылы 162 адам кайрылган. (RK)

XS
SM
MD
LG