Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Кыргыз-тажик чек арасында шагыл талаш жөнгө салынды


Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз-тажик чек арасы

Жергиликтүү эки элдин талашына чекитти Кыргызстандын чек арачылары коюшту. Чек ара кызматынан маалымдашкандай, 27-март күнү Каравшин дарыясынан шагыл алууга барган кыргыздарды тажиктер жолотпой коюшкан. Натыйжада эки тараптан эл чогулган. Ал жерге кыргызстандык чек ара бекеттеринин зардалдары келип, чыр чыгара койбой, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн соң, чогулгандар тарап кетишкен.

Эки тараптуу жергиликтүү келишимдерге ылайык, Геревшин дарыясынан шагыл алууга Кыргызстандын Аксай жана Тажикстандын Чорку айылдарынын тургундары бирдей укуктуу. Буга байланыштуу Каравшинден шагыл алуу маселеси 28-мартта бул маселени жөндөө эки айыл өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланууда.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу экенин чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG