Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сотто мамлекеттик айыптоочулар мурунку баш прокурор Нурлан Турсункулов менен президент Бакиевдин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди тынч элге ок атууга жолтоо болушпаганы үчүн айыптуу деп табышты.

Ал эми УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду мүлкүнөн ажыратуу менен 20 жылга, президенттик катчылыктын экс-жетекчиси Оксана Малеванаяны мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевди мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Ошондой эле мамлекеттик айыптоо мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевди актаган соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырууга макулдугун билдирди.

28-мартта Республикалык аскер гарнизондунда апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланды. Анда тараптардын жарыш сөзү уланды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG