Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Пакистан бийлиги Лахордогу чабуул артында тургандарды табууга убада кылды


Пакистан, жардыруудан кийин
Пакистан, жардыруудан кийин

Жекшемби күнү христиандардын Пасха майрамы учурунда Лахор шаарында теракттан 70тен көп киши өлүп, 300дөй жарадар болгон. “Биздин бейкүнөө ага-ини, эже-карындаш жана балдарыбызды өмүрүн алган адам эместерди таап, эркиндигибизди жана турмушубузду бузууга жол бербешибиз керек” деди Пакистан аскерлеринин өкүлү Асим Баджва.

Пасха майрамын белгилөө үчүн шаар паркына чогулгандарды жардырууга жоопкерчиликти талиптерден бөлүнүп кеткен "Жамаат-уль-Ахрар" уюму алды. Алар христиандарды, ошондой эле мектептерди, өкмөттү жана аскерий объекттерди бутага алышарын белгилеген. Террорчулар бул акт Лахор провинциясын жана анын борбору Пенджаб шаарын саясий таянычы катары эсептеген өкмөт башчы Наваз Шарифке дубай салам экенин да кошумчалашкан. Пакистан полициясынын жогорку кызматкери Хайдер Ашраф теракт учурунда өлгөндөрдүн көпчүлүгү мусулмандар экенин билдирди. Жергиликтүү өкмөт үч күндүк аза күтүү жарыялады. (AiT)

XS
SM
MD
LG