Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Оппозициянын жыйыны Бишкекте болот


Оппозицияныкы делген аудиотасма.
Оппозицияныкы делген аудиотасма.

Оппозициянын Ошто болбой калган курултайы 30-мартта Бишкекте өтмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Прогресс” коомдук уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов билдирди. Анын айтуусунда, жыйында Үңкүр-Тоо Өзбекстанга өтүп кеткени боюнча кыргыз өкмөтүнөн жооп талап кылынат:

-Телемунаралар турган Үңкүр-Тоо Өзбекстанга чыгып кеткени тууралуу кыйыр маалыматтар бар. Эгер Аксыда митинг болбогондо бул маселе ачыкка чыкмак эмес. Оппозицияны куугунтуктап атышат, муну да токтотууну талап кылабыз.

Митингде мындан башка социалдык-экономикалык маселелер, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөр, электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, Кумтөр ишканасы боюнча келишимдерди жокко чыгаруу тууралуу жана башка маселелер каралмакчы.

Митингдин уюштуруучулары ар түрдүү чагымга жана мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн милициядан көмөк суроодо. Турдукуловдун ырасташынча, митинг тууралуу шаар бийлигине маалымдама жиберилди.

Бириккен оппозициялык кыймыл 24-мартта Ошто курултай өткөрмөк. Чек ара маселесине байланыштуу деген себеп менен курултай белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Өткөн аптада интернетте оппозицияныкы делген аудиотасма жарыяланган. Кийинчерээк УКМК оппозициянын сүйлөшүүлөрүн жаздыруу мыйзамдуу болгонун кабарлап, ага ылайык, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Бектур Асанов менен “Чындык” партиясынын төрагасы Кубанычбек Кадыровду камаган. 26-мартта дагы бир аудиотасма жарык көрүп, соңунан эле дагы бир оппозициячы Эрнст Карыбеков камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG