Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

“Таза шайлоо”: Караколдо шайлоо тынч өттү


Каракол шаарындагы добуш берүү.
Каракол шаарындагы добуш берүү.

Бирок техникалык мүчүлүштүктөр болгонун "Таза шайлоо" уюмунун Каракол шаарындагы координатору Жаңыл Шакирбаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, шайлоодо өтө одоно кемчиликтер орун алган эмес. 27-мартта Каракол шаарынын беш шайлоо тилкесинде техникалык абал начар болуп, кошумча техникаларды орнотушканын аймактык шайлоо комиссиянын төрагасы билдирген болчу.

27-марттагы Каракол шаардык кеңешине болгон шайлоого 13 партия катышып, андагы 31 орунга 634 талапкер ат салышкан. Жети пайыздык босодон беш партия өттү. Сап башында “Табылга” партиясы турса, экинчи орунда КСДП, үчүнчү “Кыргызстан”, төртүнчү “Республика-Ата-Журт”, бешинчи орунда “Өнүгүү” партиясы турат.(AsM)

XS
SM
MD
LG