Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Орусиянын мурунку акыйкатчысы БШКнын жетекчилигине шайланды


Элла Памфилова
Элла Памфилова

Сентябрь айында Мамлекеттик Думага боло турган шайлоо алдында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине орус президентинин адам укуктары боюнча мурунку өкүлү Элла Памфилова шайланды. Добуш берүү 28-мартта болгону кабарланды. Президент Владимир Путин Элла Памфилованы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө 3-мартта дайындаган. 62 жаштагы Памфилова жыйырма жылдан ашык мезгил бою адам укуктарын коргоо багытында иштеген жана жарандык коом менен бийликтин ортосунда диалогду жактаган инсан. Ал 2014-жылы Орусиянын акыйкатчысы кызматына дайындалган. Эми ал 2007-жылдан бери орус шайлоо комиссиясын жетектеп келген Владимир Чуровду алмаштырды. Владимир Путиндин санаалашы деп аталган Чуров шайлоо жыйынтыктарын бурмалаган деп сынга алынган. (AiT)

XS
SM
MD
LG