Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

28-мартта кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариевдин төрагалыгы менен чек ара коопсуздугун сактоо жана бекемдөө боюнча жыйын болду. Анда премьер-министр кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы окуялар сүйлөшүү жолу менен чечилгенин жана мында мамлекеттик органдар өз ишин ырааттуу алып барганы оң жыйынтык бергенин айтты. Ошондой эле Сариев мындай окуялар кайталанбасы үчүн тиешелүү жыйынтык чыгарып, бул жаатта иштерди күчөтүү зарылдыгын билдиргенин анын басма сөз катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” маалымдады:

- Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр Темир Сариев кыргыз өкмөтү буга чейин кабыл алган токтомдордун негизинде Кыргызстандын аймагындагы башка өлкөлөр пайдаланып келген объекттерди мамлекетик менчикке өткөрүп алуу жана инвентаризациялоо ишин улантуу зарылдыгын да белгиледи. Мындан тышкары маалыматтык коопсуздукту күчөтүү жана өлкөдөгү байланышты, интернеттин сапатын жогорулатуу максатында Аксы районуна кошумча радиостанцияларды куруу боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды.

18-мартта Өзбекстан Аксы районундагы чек аранын тактала эле участогуна аскерлерин киргизип алган. Кийинчерээк кыргыз өкмөтү Аксы районунда кошумча радиостанция курууга жер бөлүү өтүнүчү менен Кербен шаар кеңешине кайрылган. Кербен шаар кеңешинин депутаттары ага каршы болушкан эле. 26-мартта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстан аскерлерин аймактан толугу менен чыгарып кеткен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG