Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Сирияга Кыргызстандан 10 жашка толо элек 85 бала кеткен


Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобундагы бала
Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобундагы бала

Мындай маалымат 28-мартта Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында айтылды. Аталган комитет бүгүн экстремисттик жана террористтик аракети үчүн кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү талкуулады. Сунушталып жаткан өзгөрүүгө ылайык, экстремисттик жана террордук иштерге азгыруу менен алектенген, терроризмди каржылаган деп шектелгендер 14 жашынан тарта жоопко тартылмакчы. Азыркы мыйзам 16 жаштан гана жоопкерчиликке тартат.

Жыйын учурунда УКМК өкүлдөрү Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кеткен кыргызстандыктардын арасында 14-15 жашка толо элек өспүрүмдөр да көп экенин маалымдашты. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Сирия жана Иракта 10 жашка толо элек 85, 14 жашка чейинки 25 бала, 16 жашка чейинки 11, ал эми 18 жашка толо элек 4 улан-кыз бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG