Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Бельгия прокуратурасы үч кишини камакка алууга чечим чыгарды


Бельгиянын коопсуздук күчтөрү
Бельгиянын коопсуздук күчтөрү

Бельгиянын федералдык прокуратура кызматынын 28-марттагы маалыматы боюнча, Ясин А., Мохамед В. жана Абубакер О. aттуу жарандар камакка алынды. Алар Брюссель жана анын жака-белиндеги шаарчаларга жасалган рейд учурунда кармалган. Камакка алуу чечими чыккан үч жарандын 22-мартта Брюсселде жасалган теракт менен байланышы бардыгы тууралуу прокуратура маалымат берген эмес. Рейд учурунда кармалган төртүнчү жаран бошотулган.

27-мартта 13 жолу жүргүзүлгөн рейд учурунда төрт киши кармалганын прокуратура кабарлаган. Бул арада Бельгиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги терактта каза болгондорун саны 35 жеткенин маалымдады. 22-марттагы Брюсселдеги кандуу булоон үчүн "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топ жоопкерчилик алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG