Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Шаардык кеңештер курамы кандай өзгөрөт?


Оштогу шайлоодон бир көрүнүш
Оштогу шайлоодон бир көрүнүш

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин шаардык кеңештердин курамы кыйла өзгөрүүлөргө туш болот. Айрым партиялар биринчи ирет бийлик тизгинине ээ болушса, калгандары көнүмүш мандаттарын сактап калышты.

Ош шаардык кеңешине шайлоо анчалык уу-дуусуз өттү. Анткен менен республикалык маанидеги эки шаардын биринин эл өкүлдөр курамы олуттуу өзгөрүүлөргө туш келгени турат. "Улуттар биримдиги" партиясы жетекчиси Мелис Мырзакматовсуз шайлоого катышкан да жок. 2012-жылкы шайлоодо бул партия эң көп добуштарды топтой алган. Ага улай ушу тапта ишин тапшырганы турган шаар кеңешинде алты партия орун бөлүшкөн. Алар - КСДП, "Республика", "Адилеттүү Кыргызстан", "Ата Мекен", "Замандаш - Современник" жана Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы.

Түштүк борбордогу кечээки шаардык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, алты партия жеңишке жетишкени айтылууда. "Улуттар биримдиги" партиясынын ордун бул ирет Кыргызстан социал-демократиялык партиясы ээлеп, башкаларынан арбын 30,6% добушка ээ болушту. Андай чоң жетишкендикке жете албаса да, экинчи орунду кыргыз саясатынын кызыгына айланып бараткан "Кыргызстан" партиясы 15,7% менен ээледи. Бул экөөнөн тышкары шаар кеңешке "Мекеним Кыргызстан", "Республика Ата-Журт", "Бир бол" менен "Өнүгүү - Прогресс" партиялары да киришти.

Каракол шаар кеңешине шайлоодо КСДП 2012-жылкы ийгилигин кайтарып ала албай, экинчи орунга түшүп калды. Алдын ала маалыматтар боюнча, биринчилик бул ирет "Табылга" деген партиянын энчисине тийди. Ысык-Көл облусунун борборунун шаар кеңешиндеги калган орундар "Кыргызстан", "Республика Ата-Журт" менен "Өнүгүү - Прогресс" партиялары бөлүшүп алышмакчы.

2012-жылы Караколдо КСДП алдыңкы орунга жетишкен эле. Шаардык кеңешке "Республика" партиясы менен шайлоочулар тобунун "Союз" бирикмесинин мүчөлөрү киришкен. Ал эми быйылкы жылкы алты шаар ичиндеги шайлоого катышуучулар саны жагынан арткы орун, албетте, Караколго таандык.

Көл кылаасындагы экинчи ири шаар Балыкчыда "Замандаш" партиясы алдыга озуп чыкты. Аны менен "Кыргызстан", "Республика Ата-Журт", КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" партиялары шаардык кеңешке кирди.

Балыкчы шаардык кеңешинин мындан төрт жыл илгерки шайлоосуна 17 саясий партия жана шайлоочулар топтору ат салышкан. Андагы алдынкы орундар "Республика", КСДП, "Замандаш - Современник" менен "Ата Мекен" партияларына тийген.

Чүй облусундагы эң ири Токмок шаарындагы кечээки шайлоодо КСДП биринчиликке жетишти. Аны улай "Кыргызстан", Акыйкат жана өнүгүү "АК" жана "Республика Ата-Журт" партиялары шаар кеңешин түзмөкчү. 2012-жылкы шаар кеңеш шайлоосунда "Республика" партиясы алдыңкы орунга жеткен болчу. Аны менен шаар кеңешинде "Биримдик" жана "Биздин шаар үчүн" шайлоочулардын топтору чогуу иштешкен.

Жергиликтүү шайлоо республикадагы дагы эки шаарда өттү. Чүй облусунун Кемин шаарында КСДП жеңишке жетишти. Шаар кеңеш мандатына "Республика Ата-Журт", "Замандаш", "Өнүгүү - Прогресс" жана "Улуу Кыргызстан" партиялары ээ болушту.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы шайлоодо "Республика Ата-Журт" партиясы алдыга озуп чыкты. Аны улай КСДП, "Өнүгүү - Прогресс" менен "Ата Мекен" партиялары мандатка ээ болушту.

XS
SM
MD
LG