Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 29-мартта айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүзү +13…+18 градус жылыйт.

Таласта түнкүсүн +4...+9, күндүзү +12...+17 градус жылуу болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүзү +15...+20 градус ысыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүзү +10…+15 градус жылуу болот.

Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүзү +11...+16 градус жылыйт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүзү 1...6, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүзү -4…+1 градус болот.

29-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн жана тшүшкө чейин жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын түнкү температурасы +6…+8° жылуу, күндүзгү температурасы +16…+18° жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG