Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Армения аскерлери менен кагылышууда Азербайжандын эки аскери окко учту


Азербайжан армиясынын расмий өкүлдөрүнүн кабарлоосуна караганда, Тоолуу-Карабакта Армения аскерлери менен 27-мартта болгон кагылышууда бир офицер жана жоокер окко учту. Атышуу армян аскерлери чек арадан өтүүгө аракет жасаганда болгон.

Армян бийлиги өз кезегинде Азербайжан күчтөрү чектеш аймактагы бир катар кыштактарга чабуул жасап, андан катардагы бир жаран жарадар болгонун маалымдады.

СССР тарар алдында азербайжандар менен армяндар ортосунда этникалык кагылышуу чыгып, Армения күчтөрү Тоолуу-Карабакты, бир катар райондорду көзөмөлүнө алган. Кагылышууда 30 миңден көп киши өлүп, көптөгөн адамдар жер которууга аргасыз болгон. Орусия, Франция жана АКШнын ортомчулук аракеттерине карабай Тоолуу-Карабак жаңжалын чечүүнүн жолу табыла элек. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG