Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

“Бир кадрдагы өмүр” социалдык роликтер сынагынын жыйынтыгы чыгарылат


Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатры.
Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатры.

Бүгүн Бишкекте “Бир кадрдагы өмүр” аттуу социалдык роликтер конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун демилгеси менен быйылкы “Тарых жана маданият жылына” карата уюштурулган сынак жарандардын руханий жана интеллектуалдык көрөңгөсүн арттыруу, маданий, гуманисттик жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, коомчулуктун, айрыкча жаштардын социалдык жоопкерчиликке көңүлүн буруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана жаштар өрнөк ала турган образды жаратуу максатында өткөрүлдү.

Сынактын жалпы байге фонду 100 миң сом.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG