Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Жол коопсуздугу боюнча парламенттик угуу өтөт


Бишкектин көчөсү.
Бишкектин көчөсү.

Бүгүн парламентте өлкөдөгү жол коопсуздугунун азыркы абалын талкуулаган парламенттик угуу өтөт. Талкууну Жогорку Кеңештин транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитети уюштурууда.

Расмий маалыматка караганда, Бишкекте былтыр 2,5 миң жол кырсыгы катталган. Аларда набыт кеткен адамдардын саны 115 болгон, 3 миңден ашуун адам түрдүү жараат алган.

Ушул айдын башында өкмөттүн чечими менен Жол кайгуул жана Кайгуул күзөт кызматтары бириктирилди.

Борбор калаанын МАИ кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева өткөн аптада кол астында иштеген кызматкердин айыбын жашырууга аракет жасаган деген шек менен эки айга тергөө абагына камалды. (RK)

XS
SM
MD
LG