Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Нарын районунда Жерүйдүн акчасына жаңы мектеп курула баштады


Кечээ 28-мартта Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында Жусуп Иманалиев атындагы мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков катышып, мектеп Жерүй алтын кенинен түшкөн каражаттын эсебинен курулуп жатканын белгиледи.

Курулуш иштерин “Экарас-5” компаниясы аткарат жана ага 62,4 млн сом бөлүнгөн.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйрагым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун ырасташынча Таластагы Жерүй алтын кенинен аукциондун негизинде түшкөн 100 млн долларга салына турган өлкөдөгү 100 мектептин он экиси Нарын облусунда болот.

Эчки-Башы айылындагы мектептин эски имараты 1962-жылы пайдаланууга берилген. Учурда мектеп авариялык абалга кептелип, жаңысын салууга муктаждык жаралган. Мектепте 360 окуучуга 34 мугалим билим берет. (MiK)

XS
SM
MD
LG