Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Чек аранын алдынан өткөн кезөнөк Кыргызстандан табылган жок


Чек ара.
Чек ара.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Өзбекстандан казылган жер алдындагы көзөнөк (туннель) Кыргызстандан чыккан жери аныкталган жок. Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык үйлөр текшерилгенин, көзөнөктүн чыккан жери табылбаганын маалымдоодо. Ошентсе да, кыргыз тарап жашырын көзөнөк боюнча иликтөө иштерин улантууда.

Мурдараак мындай көзөнөк Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айлында жашаган кыргызстандык жарандын үйү менен Фергананын Борбалык айылында жашаган өзбекстандык жарандын үйүнүн ортосунда казылган деп айтылган. 25-март күнү Кыргызстандын №1 чек арачысы Раимберди Дүйшөнбиев менен Өзбекстандын чек ара кызматынын төрагасы Рустам Эминжанов көзөнөктү көрүп чыгышкан.

Чек араны кесип өткөн делген көзөнөк Өзбекстандын чек арачылары тарабынан табылган. "Азаттыктын" өзбек кызматынын маалыматында, анын тереңдиги 7-8, узундугу 110 метр. Өзбекстандын чек ара кызматы бул жол аркылуу Өзбекстанга диний-экстремисттик адабият, контрабандалык жүк жана курал ташылышы мүмкүн деп болжолдоодо. Алар бул туурасында кыргыз чек арачыларына маалымат беришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG