Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

23-мартта эртең менен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жалпы көлөмү 52000м³ болгон жер көчкү түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаз-жай айларында болуучу табигый кырсыктардын алдын алуу иштеринин жүргүзүү боюнча бир катар милдеттенмелерди алды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, март-апрель айларында өлкөнүн бардык аймактарында экзогендик жаратылыш процесстеринин активдешүүсү күтүлөт. Бул аба ырайынын өзгөрүүсүнө жараша болот.

Жер көчкү жана урап-күбүлүп түшүү алдыдагы айларда жаан-чачындын жана жер титирөөлөрдүн натыйжасында бардык облустардын тоо этектеринде жана жапыз тоо бөлүктөрүндө жандануусу мүмкүн. Мындан тышкары сел жүрүү коркунучу күтүлүүдө. Ушундан улам, аталган министрлик суу агымдарынын деңгээлине, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактардагы дарыяларга өзгөчө көңүл бурууну эскертүүдө. Ошондой эле жергиликтүү бийлик элге ыктымал табигый кырсыктар тууралуу убагында эскертип, маалымат берүүсүн жана башка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.

2003-жылы Ош облусунда ири жер көчкү жүрүп, бир айылдын элин басып калган. Натыйжада 40тан ашуун киши өлгөн. 2009-жылы Аксыда да жер көчүп, бир нече адамдын өмүрүн алган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG