Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Нарында добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан азы катышты


Ак-Талаадагы жергиликтүү кеңешке шайлоо.
Ак-Талаадагы жергиликтүү кеңешке шайлоо.

Бул тууралуу “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын аймактагы өкүлү Адилет Эшенов билдирди. Анын айтуусунда, 27-марттагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого Нарын облусу боюнча шайлоочулардын добуш берүү жигердүүлүгү 48 пайызды түзгөн.

Адилет Эшеновдун ырасташынча, аталган коалициянын 44 байкоочусу облустун аймагында шайлоо күнү байкоо жүргүзгөн. Ал күнү олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы беш жана Жумгал районунда беш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештерине жалпы 119 мандат үчүн 426 талапкер ат салышты. (MiK)

XS
SM
MD
LG