Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Барымтага алынган Египет учагы Кипрге конду


EgyptAir компаниясынын учагы
EgyptAir компаниясынын учагы

Александриядан Каирди көздөй учуп чыккан Airbus 320 учагын бир куралчан адам күч менен коркутуп, Кипрге конууга мажбурлады. Египет бийликтери учакта жалпысынан 81 адам бар экенин билдирди. Алгачкы маалыматтарда экипаж мүчөлөрүн кошкондо 62 адам бардыгы айтылып жаткан. Учакта кеминде куралчан бир киши болгону маалымдалууда.

Al Arabiya кабарлашынча, учак учуп чыккандан көп өтпөй бир киши жардыргыч зат шыкалган куру бар экенин жарыялаган. Учак Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга конгондон кийин бир канча аял жана балдарга сыртка чыгууга уруксат берилген.

Учакты ким барымтага алганы жана ал кандай талап койгону азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG