Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Жалал-Абадда арзан жер семирткичтер аймактарга жетпей жатат


Жер семирткичтер.
Жер семирткичтер.

Мындай маалымат бүгүн облуста өткөн жыйын учурунда айтылды. Ага ылайык, өткөн айда Өзбекстандан темир жол аркылуу келген 4 миң тоннадан ашык жер семирткичтердин көпчүлүгү азыр мамлекеттик резервдер фондунун кампасында сакталууда. Айыл өкмөттөр арзан баадагы жер семирткичтерди жеткирүүдө иш алып барбай жаткандыктарына да нааразылыктар айтылды. Негизинен Аксы, Ала-Бука райондорунда иш солгундугу байкалат.

Быйылкы жазгы талаа жумуштары үчүн 40 миң тоннага жакын жер семирткич керектелсе анын 30 % камсыздалды.

Өзбекстандан келген азот 16 сом 50 тыйын, карбомид 18 сом 30 тыйындан ортомчусуз сатылууда.(RsK)

XS
SM
MD
LG