Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Үңкүр-Тоо маселесин кароого журналисттерди катыштырган жок. Айрым маалыматтар боюнча, комитеттин жыйынында 28-мартта ачыкка чыккан өкмөттүн документтери талкууланат.

Талаштуу аймак деп эсептелип келген Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп жазылган өкмөттүн протоколу делген документти мурдараак өкмөттүн басма сөз кызматы жокко чыгарып, андай документ жок деп түшүндүрмө берген.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүнкү отурумунда ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча келишимдин долбоорун да карайт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG