Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Кипрге кондурулган учактагылардын көбү бошотулду


EgyptAir компаниясынын өкүлү барымтага алынган учактагы төрт чет элдик жаран менен экипаждын бир канча мүчөсүнөн башка жүргүнчүлөр бошотулганын Твиттерге жазышты. Бүгүн аталган компаниянын Александрия шаарынан Каирге учуп чыккан Airbus 320 учагын куралчан бир адам барымтага алып, Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга конууга мажбурлаган. Ал жардыргыч затка шыкалган куру бар экенин айтып коркутканы айтылууда.

Учак конгондон кийинки сүйлөшүүлөрдөн улам бир канча аял жана балдарга сыртка чыгууга уруксат берилген. Египет бийликтери учакта жалпысынан 81 адам болгонун билдирди.

Учакты ким барымтага алганы жана ал кандай талап койгону азырынча белгисиз. Египет маалымат каражаттары барымтачы Египеттин жараны экенин жазышууда.

XS
SM
MD
LG