Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Аксыда чегиртке каптаган аянтты дарылоо иштери жүрүүдө


Эгин талаа.
Эгин талаа.

Жалал-Абадын Аксы районундагы Авлетим айыл округундагы 100 гектар чегиртке баскан аймакта дарылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад региондук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо башкармалыгынын башчысы Кайратбек Садыков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу зыянкечтер жанданып, аларга каршы аракеттер башталды. Мындан сырткары мисте токойлорун да дарылоо иштери быйыл колго алынат, деди Садыков.

Мындан сырткары Аксынын 5 айыл округунда кайналыга түшкөн илдеттин себептери аныкталууда. Быйыл бул аймактарда кайналынын түшүмү үзгүлтүккө учурады.(RsK)

XS
SM
MD
LG