Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Бишкекте Борбор Азиядагы маалымат коопсуздугу талкууланды


Ооганстан, Кабул.
Ооганстан, Кабул.

Борбор Азиядагы маалымат коопсуздугу боюнча Promotank компаниясынын баяндамасында аймакта маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн катышуусуз экстремисттик жана башка маалымат коркунучтарына каршы туруу оор экени айтылган. Жыйынга катышкан ЕККУ академиясынын жетекчиси Пал Дунай аймактагы медиа каржылык көз карандылыктан тартып, коррупция, өзүн өзү цензуралоого чейинки түрдүү чектөөлөргө тушугуп жатканын белгиледи. Анын айтуусунда, журналисттердин өзүн чектөөсү расмий цензурага караганда бир топ кооптуу.

Жыйында мындан тышкары Борбор Азиядагы маалымат каражаттарында экстремизмди жана терроризмди үгүттөөгө каршы туруу, коомчулукту маалымат менен камсыздоонун жаңы формалары жана киберкоопсуздук тууралуу сөз болду. Жыйын Бишкекте 29-мартта башталды, ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн журналисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Монголиядан, Британиядан жана Румыниядан окутуучулар катышты. Талкуу 30-мартта да уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG