Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Бокс: Сакенов жана Адылбек уулу лицензиялык мелдеште жарым финалда күч сынашат


Кыргызстандык мушкер Эрмек Сакенов (көк формачан) Казакстанда болгон эл аралык мелдеште. 7-июль, 2015-ж.
Кыргызстандык мушкер Эрмек Сакенов (көк формачан) Казакстанда болгон эл аралык мелдеште. 7-июль, 2015-ж.

Кыргызстандык эки мушкер Эрмек Сакенов жана Эркин Адылбек уулу ушул күндөрү Кытайда өтүп жаткан бокс боюнча лицензиялык мелдештин жарым финалында күч сынашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорт, массалык иштер боюнча бөлүмүнүн улук адиси Марат Кожоматов билдирди.

Маалыматка караганда 29-мартта чейрек финалда Кыргызстандын алты өкүлү күч сынашмак. Күндүзгү беттештерде 64 килограммга чейинки салмакта Эрмек Сакенов түркмөнстандык Азиз Бебитовду, 81 килограммга чейинки салмакта Эркин Адылбек уулу монголиялык Эрденебаяр Сандагсуренди жеңген.

Кечке жуук боло турган беттештерге Кыргызстандан Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков, Ильяр Ахметов жана Сергей Паренко чыгат.

Кытайдын Цяньань шаарында өтүп жаткан Азия жана Океания чөлкөмдөрүнүн спортчулары үчүн болуп жаткан мелдеште Рио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн мушкерлер өз салмактарында алдыңкы үч боксчунун катарына кошулуш керек. ECh.

XS
SM
MD
LG