Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Аксыда митинг уюштургандардын бирин УКМК суракка алууда


Жалал-Абаддын Аксы районунда буга чейин социалдык төлөмдөргө байланыштуу митинг уюштургандардын бири Шекербек Камчыбек уулу бүгүн УКМКнын облустук бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирди.

Камчыбек уулу оппозиция өкүлү Бектур Асанов 14-мартта Жалал-Абад шаарында митинг уюштурганда ал Кербенде даттанып нааразылык акция өткөргөн.

Сурак эртең да уланмай болду.

Өткөн аптада интернетте "оппозиция Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга камданып, сүйлөшүү жүргүзүүдө" деген жашыруун жаздырылып алынган аудиотасма тараган. Ошол сүйлөшүүгө катыштыгы бар деген шек менен "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов, "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыров жана энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков эки айга УКМКнын тергөө абагына кармалды. Ал эми дагы бир оппозициячыл саясатчы Дастан Сарыгулов эки айга үй камагына алынды. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG