Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Мушкер Азат Үсөналиев лицензиялык мелдештин жарым финалында күч сынашат


Азат Үсөналиев Азия чемпиондугун чейрек финалында филиппиндик Кларк Баутистаны жеңген учур. 2-сентябрь, 2015-ж.
Азат Үсөналиев Азия чемпиондугун чейрек финалында филиппиндик Кларк Баутистаны жеңген учур. 2-сентябрь, 2015-ж.

Кытайда өтүп жаткан бокс боюнча лицензиялык мелдеште кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев жарым финалдык беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди. Анын айтымында, Үсөналиев 52 килограммга чейинкилер арасында чейрек финалда монголиялык Харкхуу Енк Амарды жеңип алган.

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстандын 6 мушкери чейрек финалда күч сынашмак. Күндүз болгон беттештерде 64 килограммга чейинки салмакта Эрмек Сакенов менен 81 килограммга чейинки салмакта Эркин Адылбек уулу өз атаандаштарын утуп, жарып финалда таймашууга мүмкүнчүлүк алышкан. Алдыда кыргыз мушкерлеринен Өмүрбек Малабеков (56 кг.), Ильяр Ахметов (75 кг.) жана Сергей Паренко (91 кг.) жарым финалга чыгуу үчүн таймашышат.

Кытайдын Цяньань шаарында Азия жана Океания чөлкөмдөрүнүн спортчулары үчүн болуп жаткан мелдеште Рио-де-Жанейро олимпиадасына жолдомо алуу үчүн мушкерлер өз салмактарында алдынкы үч боксчунун катарына кошулуш керек. (ECh)

XS
SM
MD
LG