Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

АКШ Бут менен Ярошенкону Савченкого алмашуу мүмкүндүгүн четке какты


Надежда Савченко сот залында.
Надежда Савченко сот залында.

Вашингтон Орусияда соттолгон Украинанын аскер учкучу Надежда Савченкону АКШда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан орусиялыктар Виктор Бут менен Константин Ярошенкого алмаштыруу маселесин карабайт. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Москвадагы элчилигинин өкүлү Уилл Стивенс билдирди.

Ага чейин Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул эки орус жаранын украин учкучуна алмаштыруу тууралуу сунуш боюнча кабары бар экенин айткан. Анын сөзүнө караганда, бул тууралуу Орусия жетекчилиги менен АКШ мамкатчысы Жон Керринин жакындагы сүйлөшүүлөрүндө кеп болгон. "Орусия өз жарандарынын кызыкчылыгын коргоону ырааттуу түрдө улантат. Керри менен сүйлөшүүлөрдө ушул максатта аталган эки жарандын ысымы аталган", - деген эле Песков.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22-мартта украин учкучу Надежда Савченкону 2014-жылы Луганск облусунун аймагында эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп таап, 22 жылга эркинен ажыраткан. Жана чек араны мыйзамсыз өткөн деген кине менен 30 миң рубль айыпка жыккан. Савченко бул айыптарды мойнуна албасын жана орус сотун тааныбасын айткан.

Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери Савченкону "саясий туткун" деп белгилешкен.

XS
SM
MD
LG