Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:28

Пакистанда экстремизмге шектүү 5 миңдей адам кармалды


Пакистандагы жардыруудан жабыркаган бала.

Пакистандагы жардыруудан жабыркаган бала.

Пакистанда кеминде 70 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин башталган атайын операциянын алкагында 5 миңдей адам кармалды. Тергөөчүлөр өткөргөн сурактан кийин алардын 216сы андан кийинки иликтөө үчүн абакта калтырылды.

Өткөн жекшембиде өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында, Гүлшан-и-Икбал деп аталган коомдук парктын автоунаа токтоочу жайында жасалган жардыруудан мерт кеткендердин көбү балдар жана аялдар болчу. Ал жерге лахорлук христиандар үй-бүлөлөрү менен Пасха майрамын белгилөө үчүн чогулган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Талибан" кыймылы менен байланышы бар “Жамаат-ул-Ахрар” деген топ алды. Анын билдиргенине караганда, чабуул Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифке жолдонгон “салам дубай болду жана кол салуулар улана берет".

Сегиз миллиондой адам жашаган Лахор - Пакистандын Пенжаб провинциясынын борбору. Бул провинция азыркы премьер-министр Наваз Шарифтин саясий таянычы катары саналат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG